Төлөм, ачык оферта жана кайтаруу шарттары
1. Кайрымдуулук жөнүндө ачык оферта жана Фонддун реквизиттери
Бул документ Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин (509-берене — Кайрымдуулук / Пожертвование) жана Кыргыз Республикасынын «Меценаттык жана кайрымдуулук ишмердүүлүгү жөнүндө» Мыйзамынын негизинде altynuya.org сайты (жана анын ички баракчалары) аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын кабыл алуунун расмий Ачык офертасы (Публичная оферта) болуп саналат.
Фонддун расмий юридикалык маалыматтары (Реквизиттери):
- Толук расмий аталышы: «Алтын Уя» Коомдук фонду (Орусча: Общественный фонд «Алтын Уя» / Англ.: “Altyn Uya” Public Foundation)
- КР Юстиция министрлигиндеги каттоо номери: 193921-3301-ОФ (Алгачкы каттоо: 27.11.2020-ж. / Кайра каттоо: 02.09.2024-ж. — Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы)
- Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 02711202010186 | ОКПО коду: 30952301
- Фонддун директору (Жетекчиси): Сатимов Алишер Момунжанович
- Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы, Яковенко көч., 43/1
- Иш жүзүндөгү дареги (Башкы кеңсе): Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Свердлов району, Мичурин көчөсү, 80
- Ырайым үйү: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы
- Байланыш телефону / WhatsApp: +996 773 444 499 | Электрондук почта: altynuyakg@gmail.com
Кайрымдуулук программаларын аткаруу тартиби: Сайтта көрсөтүлгөн бардык багыттар (Жалпы колдоо, Окуучуга камкордук, Мектеп топтому, Кышкы көмүр жардамы, «Береке кутусу» азык-түлүк баштыгы, Таза суу кудуктары жана Курмандык чалуу) коммерциялык товар сатуу эмес, кайтарымсыз гуманитардык жардам болуп эсептелет. Карта аркылуу төлөм ийгиликтүү өткөндө электрондук дүмүрчөк (санариптик кайрымдуулук тастыктамасы) дароо түзүлөт; банктык которууда каражат Фонддун эсебине түшүп, ырасталгандан кийин кайрымдуулукту тастыктаган кабар электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Каражаттар Кыргызстандын аймагындагы муктаж балдарга жана үй-бүлөлөргө багытталат.
2. Төлөм ыкмалары: Freedom Pay системасы жана банктык которуу
Сайттагы кайрымдуулук каражаттары банк карталары, электрондук капчыктар жана банктык которуу аркылуу кабыл алынат.
Банк картасы жана электрондук капчыктар (Freedom Pay)
Сайтыбыздагы банк карталары жана электрондук капчыктар аркылуу онлайн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон Freedom Pay (ОсОО «Фридом Пэй Кыргызстан») төлөм уюмунун коопсуз шлюзу аркылуу жүргүзүлөт.
- Кабыл алынуучу төлөм ыкмалары: Эл аралык Visa, Mastercard карталары, улуттук «Элкарт» төлөм карталары жана мобилдик банкинг / электрондук капчыктар (MBANK, Элсом, O!Деньги, Balance.kg).
- PCI DSS жана 3D Secure стандарты: Төлөм учурунда киргизилген карта маалыматтары 256-биттик SSL/TLS шифрлөө жана эл аралык PCI DSS Level 1 коопсуздук стандарты менен корголот. Бардык операциялар 3D Secure (Verified by Visa, Mastercard Identity Check, Элкарт 3D Secure) технологиясы аркылуу тастыкталат.
- Маалыматтардын купуялуулугу: «Алтын Уя» коомдук фонду донорлордун банк картасынын реквизиттерин жана CVV/CVC коддорун көрбөйт, чогултпайт жана өз серверлеринде сактабайт.
Банктык которуу
- Төлөм тартиби: Колдоо багыты себетке кошулуп, төлөм баракчасында «Банктык которуу» тандалат. Фонддун эсеп маалыматтары электрондук почта жана WhatsApp (+996 773 444 499) аркылуу жөнөтүлөт.
- Которуунун түшүндүрмөсү: Кайрымдуулук кылуучу которуунун түшүндүрмөсүнө буйрутма номерин же өзүнүн аты-жөнүн жазат.
- Тастыктоо: Каражат Фонддун эсебине түшүп, ырасталгандан кийин кайрымдуулукту тастыктаган кабар электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Төлөм валютасы
Сайтта көрсөтүлгөн TRY, KGS, USD, EUR жана RUB боюнча суммалар маалымат үчүн гана берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептешүүлөр жана эсепке алуу кыргыз сому (KGS) менен жүргүзүлөт; колдоо багытына тиешелүү сумма Фонддун эсебине жеткенден кийин KGS менен эсепке алынат. Карта менен төлөгөндө конвертация карта чыгарган банктын же эл аралык төлөм системасынын курсу боюнча автоматтык түрдө жүргүзүлөт; банктык которууда эсепке түшкөн сумма жана курс жөнөтүүчү банктын колдонгон курсуна жараша аныкталат. Банктардын комиссиясы жана курстук айырма кайрымдуулук кылуучунун эсебинен болот.
3. Каражаттарды жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби
«Алтын Уя» коомдук фонду ачык-айкындуулук принцибине ылайык жаңылыш сумма төлөнгөндө же которулганда, каражат эки жолу төлөнгөндө же которулганда же кайрымдуулук иш-чарасы (мисалы, курмандык союу же жардам таратуу) аткарыла электе кайрылган донорлордун өтүнүчтөрүн карап чыгат.
Банк картасы менен төлөнгөн каражатты кайтаруу
- Кайрылуу мөөнөтү: Кайтаруу арызын төлөм жүргүзүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде төлөм номерин, датасын, суммасын жана картанын акыркы 4 санын көрсөтүү менен altynuyakg@gmail.com дарегине же +996 773 444 499 WhatsApp номерине жөнөтө аласыз.
- Карап чыгуу: Кайрылуу 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде каралып, жыйынтыгы жөнүндө кабарланат. Кайтаруу чечими кабыл алынса, Freedom Pay системасына кайтаруу тапшырмасы берилет.
- Ошол эле банк картасына кайтаруу эрежеси: Эл аралык төлөм системаларынын (Visa, Mastercard, Элкарт) эрежелерине жана мыйзам талаптарына ылайык, банк картасы аркылуу которулган каражаттар төлөм жүргүзүлгөн ошол эле банк картасына гана кайтарылат. Карта менен төлөнгөн сумманы накталай берүүгө же башка картага/эсепке которууга тыюу салынат.
- Каражаттын түшүү мөөнөтү: Кайтаруу тастыкталгандан кийин акча каражаты карта чыгарган банктын ички тартибине жараша 3 күндөн 10 жумушчу күнгө чейинки аралыкта эсепке түшөт.
Банктык которуу менен төлөнгөн каражатты кайтаруу
- Кайрылуу тартиби: Кайтаруу же жокко чыгаруу өтүнүчү которуу жүргүзүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде altynuyakg@gmail.com дарегине же +996 773 444 499 WhatsApp номерине жөнөтүлөт.
- Өтүнүчтө көрсөтүлүүчү маалымат: которгон адамдын аты-жөнү, которуунун датасы жана суммасы, которуунун тастыктамасы (чеги) жана каражат кайтарылуучу эсептин маалыматы.
- Кайтаруу эрежеси: Каражат кайрымдуулук түшкөн эсепке, башкача айтканда, которгон адамга гана кайтарылат. Үчүнчү жактын эсебине которууга же накталай берүүгө болбойт.
- Карап чыгуу: Өтүнүч 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде каралып, жыйынтыгы жөнүндө кабарланат.
- Кайтаруу мүмкүн болбогон учурлар: Тандалган багыт талаада аткарыла баштаган болсо (мисалы, курмандык союлса же көмүр таратылса), каражат кайтарылбайт.
- Банк чыгымдары: Банктардын комиссиясы жана которуу чыгымдары кайтарылуучу суммадан кармалып калышы мүмкүн.
- Каражаттын түшүү мөөнөтү: Кайтаруу чечими кабыл алынгандан кийин каражаттын эсепке түшүү мөөнөтү банктардын ички тартибине жараша 3 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин болушу мүмкүн.