«Береке кутусу» — «Алтын Уя» коомдук фондунун жетим балдарды өз үйүндө чоңойтуп жаткан энелерге, кары-картаңдарга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө туруктуу жеткирип туруучу негизги азык-түлүк колдоо программасы. Биздин максат — балдардын өз үй-бүлөсүндө тоюмдуу жана пайдалуу тамактанып чоңоюшуна шарт түзүү.
Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк керектөөсүнө ылайыкталган кутуча төмөнкү негизги азыктарды камтыйт:
Фонддун кызматкерлери жана ыктыярчылары «Береке кутусун» ар бир үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактоо менен, купуялуулукту бузбай түздөн-түз үйлөрүнө жеткирип беришет. Рамазан айында, кыш мезгилинде жана жыл бою үзгүлтүксүз уюштурулган бул демилгеге кошулуп, бир үй-бүлөнүн кубанычына себепчи болуңуз.
2 700 сом
«Береке кутусу» — Кыргызстандагы жетим балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөрдүн, жалгыз бой энелердин жана аз камсыз болгон жарандардын бир айлык негизги тамак-аш муктаждыгын камсыздоо үчүн даярдалган азык-түлүк топтому.
Бул баракты бөлүшүү: