Бул баракчада «Алтын Уя» коомдук фондунун ишмердүүлүгү, негизги принциптери, кайрымдуулук көрсөтүү тартиби жана билим берүү, курмандык, таза суу кудуктары сыяктуу социалдык программалары боюнча көп берилүүчү суроолорду бир жерге топтодук. Өзүңүздү кызыктырган суроону тандап, толук жооп ала аласыз.

Кайрымдуулук жана программалар

Кайрымдуулук жана төлөм

«Алтын Уяга» кантип кайрымдуулук көрсөтсө болот?

Колдоо көрсөтүү баракчабыздан каалаган багытты (билим берүү топтому, жетим балдарды колдоо, курмандык, суу кудугу, азык-түлүк ж.б.) тандап, себетке кошуп, коопсуз карта инфраструктурасы аркылуу заматта колдоо көрсөтө аласыз (Visa, Mastercard, Элкарт жана электрондук капчыктар — Freedom Pay аркылуу). Каалаган учурда төлөм баракчасында «Банктык которуу» ыкмасын да тандасаңыз болот: Фонддун эсеп маалыматтары электрондук почта жана WhatsApp (+996 773 444 499) аркылуу жөнөтүлөт. Которуу маалыматы боюнча Которуу маалыматтары жана расмий реквизиттер баракчасын караңыз.

Төлөм коопсуздугу кандай корголгон?

Бардык карта төлөмдөрү 256-биттик SSL шифрлөө жана лицензияланган төлөм шлюзу (Freedom Pay) аркылуу коопсуз жүргүзүлөт. Банк картасынын маалыматтары эч качан биздин серверлерде сакталбайт жана үчүнчү тарапка берилбейт. Банктык которууда эсеп маалыматтары электрондук почта жана WhatsApp аркылуу гана жөнөтүлөт; расмий эсеп маалыматы катары ушул каналдар аркылуу келгени гана эсептелет.

Жакындарымдын атынан кайрымдуулук кылсам болобу?

Ооба. Төлөм формасындагы тиешелүү талаага жакыныңыздын аты-жөнүн жазып, анын атынан колдоо көрсөтсөңүз болот. Курмандык чалууда өкүлчүлүк берген адамдын аты-жөнү алынып, чалуу учурунда аты окулуп, видеого жазылат.

Тастыктама жана отчет берилеби?

Карта аркылуу төлөм ийгиликтүү өткөндө электрондук почтаңызга автоматтык тастыктоо жана санариптик дүмүрчөк жөнөтүлөт. Банктык которууда каражат Фонддун эсебине түшүп, ырасталгандан кийин электрондук почтаңызга кайрымдуулукту тастыктаган кабар жөнөтүлөт. Ал эми талаадагы аткарылган иштердин фото жана видео отчеттору WhatsApp же электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Кайтаруу шарттары менен Төлөм, ачык оферта жана кайтаруу шарттары бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

Курмандык чалуу

Өкүлчүлүк (векалат) менен курмандык кантип чалынат?

Сиздин берген өкүлчүлүгүңүзгө ылайык, курмандык шарият эрежелерине толук шайкеш келтирилип, ветеринардык көзөмөл астында гигиеналык жайларда чалынат. Курмандык чалуу учурунда ниет кылуучунун аты үн чыгарып айтылып, видео тартылат. Жеке видео отчет кайрымдуулук кылуучуга жөнөтүлүп, эт Ырайым үйүндөгү балдарга жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылат.

Назыр, акыйка, шүгүр жана нафил курмандык деген эмне?

Назыр (назр): Тилек орундалганда чалынуучу милдеттүү курмандык; эти толугу менен муктаждарга таратылат. Акыйка: Жарык дүйнөгө келген наристе үчүн шүгүр ниетинде чалынат. Шүгүр курмандыгы: Жеткен жакшылык же кутулган кыйынчылык үчүн чалынуучу нафил курмандык. Нафил: Жылдын каалаган күнүндө сооп үмүтүндө чалынуучу курмандык. Баарын Колдоо көрсөтүү баракчасынан тапшырсаңыз болот.

Шыпаа жана садака менен шыпаа курмандыгы эмнени билдирет?

Шыпаа курмандыгы — оору-сыркоодон айыгуу, ден соолук жана рухий бейпилдик тилеп чалынган нафил курмандык. Садака менен шыпаа курмандыгында эти толугу менен жетимдерге жана жарды үй-бүлөлөргө садака катары жеткирилет.

Курмандыктар качан чалынат?

Важиб курмандыктар Курман айт күндөрү гана чалынат. Ал эми назыр, акыйка, шыпаа, шүгүр жана нафил курмандыктар жылдын 365 күнү туруктуу чалынып, жаңы союлган эт Ырайым үйүбүзгө жана муктаж калкка тапшырылат.

Зекет, садака жана «Береке кутусу»

Зекетти «Алтын Уя» фондуна тапшырса болобу?

Ооба. Фондубуз зекет каражаттарын шарият талаптарына так ылайыкташтырып, жетим балалуу энелерге, кароосуз калган карыларга жана билим алып жаткан муктаж окуучуларга түздөн-түз даректүү жеткирет.

«Береке кутусу» долбоору деген эмне?

«Береке кутусу» — ун, май, кумшекер, күрүч, макарон жана башка негизги азык-түлүктөрдөн турган көлөмдүү топтом. Рамазан айында жана кыштын ызгаардуу күндөрүндө муктаж үй-бүлөлөргө үймө-үй жеткирилет.

Таза суу кудуктары жана билим

Таза суу кудуктары кайда жана кантип казылат?

Кыргызстандын суу түтүгү жетпеген алыскы айылдарында терең бургулоо ыкмасы менен кудуктар казылат. Казуунун алдында геологиялык изилдөө жүргүзүлүп, таза суу катмарына чейин түшүлөт, чыпкалар жана насостор орнотулат. Суунун сапаты мамлекеттик лабораторияда текшерилип, сертификат алынат. Андан соң сүрөт, видео жана техникалык отчет кайрымдуулук кылуучуга берилет.

Кудукка демөөрчүнүн ысымы жазылабы?

Ооба. Жекече суу кудугун каржылаган учурда кудуктун маңдайына демөөрчүнүн же ал арнаган жакындарынын ысымы жазылган мрамор такта орнотулат. Кудуктун ачылыш аземи толук видео тартылып, демөөрчүгө тапшырылат.

«Мен дагы окууну каалайм!» жана Окуучуга камкордук деген эмне?

«Мен дагы окууну каалайм!» — жыл сайын жаңы окуу жылы алдында жетим жана муктаж балдарды мектеп формасы, сапаттуу мектеп баштыгы жана окуу куралдары менен камсыздоочу чоң жарманке. Балдар кезекке тизилбей, өздөрү жактырган кийимди жана түстү эркин тандашат. Окуучуга камкордук — Новопокровкадагы Ырайым үйүндө жашаган бир баланын турак-жайын, 3 маал ысык тамагын, ден соолугун жана сабактарын айлык, 6 айлык же жылдык негизде камсыздоо болуп саналат.

Фонд жөнүндө

«Алтын Уя» коомдук фонду деген ким?

«Алтын Уя» коомдук фонду — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган, коомдук пайда үчүн иштеген көз карандысыз коммерциялык эмес социалдык фонд. Тамыры 2009-жылга таянган уюмубуз Новопокровкадагы Ырайым үйүндө жетим жана турмуштук оор кырдаалдагы балдарга коопсуз уя, сапаттуу билим жана турак-жай мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ошону менен бирге өлкө боюнча таза суу кудуктарын казуу, кышкы көмүр жардамын жеткирүү, азык-түлүк топтомдорун таратуу жана балдардын келечекке ишенимдүү кадам шилтешине көмөктөшүү багытында үзгүлтүксүз кызмат кылат. Башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан.

«Алтын Уя» көз карандысызбы, кайсы бир уюмга караштуубу?

«Алтын Уя» коомдук фонду эч бир саясий партияга, диний топко же жамаатка караштуу эмес, толук көз карандысыз жарандык коомдук уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 193921-3301-ОФ каттоо номери, 02711202010186 салык төлөөчү коду (ИНН) жана 30952301 ОКПО коду менен расмий катталган. Мыйзам алкагында административдик жана каржылык көзөмөлдөн өтүп турат. Бардык иштерин адамдын кадыр-баркын сактоо, ачыктык жана аманат жоопкерчилиги менен аткарат. Толук маалымат үчүн Биз жөнүндө баракчасын караңыз.

«Алтын Уя» фонду ишенимдүүбү, каражаттар кантип текшерилет?

Ооба. Фондубуз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция башкармалыгы, салык органдары жана тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан пландуу текшерүүлөрдөн өтүп турат. Уставга ылайык ички көзөмөл Текшерүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми каржылык отчеттуулук көз карандысыз аудитор тарабынан текшерилет. Талаадагы ар бир тапшыруу, казылган ар бир кудук жана чалынган ар бир курмандык фото-видео документтер менен такталып, кайрымдуулук кылуучуларга жеткирилет.

«Алтын Уя» фондуна кантип кайрылса болот?

Башкы кеңсебиз: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Свердлов району, Мичурин көчөсү 80. Новопокровкадагы Ырайым үйү: Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровка айылы. Телефон жана расмий WhatsApp номерибиз: +996 773 444 499. Электрондук дарегибиз: altynuyakg@gmail.com. Ошондой эле Байланыш баракчабыздагы кайрылуу формасы аркылуу кат жөнөтсөңүз болот.

«Алтын Уя» фонду кайсы аймактарда иштейт?

Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте, ал эми Ырайым үйү Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан. Социалдык долбоорлорубуз (мектеп куралдары, кийим жарманкелери, таза суу кудуктары, кышкы көмүр жардамы, Рамазан жана Курман айт иш-чаралары) Кыргызстандын жети облусундагы муктаж айылдарга жана үй-бүлөлөргө багытталган.

«Алтын Уя» фонду кимдин менчиги?

«Алтын Уя» коомдук фонду эч бир жеке адамдын жеке менчиги эмес. Ал — Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча уюштурулган, коомдун кызыкчылыгын көздөгөн коммерциялык эмес юридикалык жак (Коомдук фонд). Эң жогорку башкаруу органы — Уюштуруучулардын жалпы чогулушу. Фонд жеке кызыкчылыктар эмес, коомдук пайда жана аманат жоопкерчилиги менен башкарылат.

Фондду ким башкарат, башкаруу түзүмү кандай?

Фонд уставга ылайык Уюштуруучулардын жалпы чогулушу (жогорку орган), Текшерүү комиссиясы жана Директор тарабынан жетектелет. Мекеменин финансылык жана чарбалык иштери Текшерүү комиссиясы (Ревизиялык комиссия) тарабынан текшерилет, ал эми каржылык отчеттуулук жыл сайын көз карандысыз аудитор тарабынан текшерилет. Бардык чечимдер коллегиалдуу кабыл алынып, протоколго түшүрүлөт.

«Алтын Уя» качан түзүлгөн?

Фонддун тамыры 2009-жылы негизделген «Алтын Уя» Боорукерлер үйү тажрыйбасынан башталат. Кызмат алкагы кеңейгендигине байланыштуу 2020-жылдын 27-ноябрында Коомдук фонд (Общественный фонд) макамында катталып, 2024-жылдын 2-сентябрында учурдагы мыйзамдарга ылайык уставы жаңыланып, кайра каттоодон өткөн.

«Алтын Уя» деген аталыштын мааниси эмнеде?

Кыргыз маданиятында «Алтын» сөзү баалуу металлды гана эмес, өтө кымбат, ыйык жана кадырлуу нерсени да түшүндүрөт (алтын бала, алтын сөз). Ал эми «Уя» — куш баласын коргоп, багып, чоңойтуп, канаты катканча карап, учууга даярдаган коопсуз жай. «Алтын Уя» — ар бир бала өзүн эркин, коопсуз жана бактылуу сезип, билим алып, эртеңки күнүнө ишеним менен караган ыйык уяны билдирет.

Валютаңызды тандаңыз
USD АКШ доллары
EUR Евро